Милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы батирлерди жашыруун видеого тартууга шектелген кишини суракка алышты. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
25-майга караган түнү РИИБге Чуйков көчөсүндө бир адам дрон менен батирлерди мыйзамсыз тартып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Милицияга бул маселе боюнча бир нече жергиликтүү тургун арызданган. Алар 24-май күнү түнүчүндө унаасында отуруп алып дрондун жардамы менен «аялдар жарым жылаңач жүргөн батирлерди видеого тартып алган» жигитке чара көрүүнү суранышкан. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери чындап эле батирлер дрондон тартылганын аныкташкан.
Окуянын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси («Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу») боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери 1989-жылы туулган С.Э аттуу жаранды суракка алып, андан соң эч жакка кетпөө тилкаты менен коё беришкен.
Окуянын видеосу буга чейин социалдык тармактарда тараган. Кадрларда жергиликтүү тургундар дронду башкарып бараткан адамды кантип таап алганы көрсөтүлгөн.