1-2-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузган 364 учур катталды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан атайын иш-чара жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Анын ичинен:
Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 67 унаа атайын убактылуу токтотуучу жайга токтотулган.