• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамы комитетте күтүүсүз каралып, кылмыш жоопкерчилиги алынды

20 Бирдин айы 2024 11:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүнү күтүүсүз сунуштады.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси алынганы белгилүү болду.

Анда айрым депутаттар мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышууга үлгүрбөй калышканын айтышты. Эл өкүлү Гуля Кожокулова төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Ар бир маселени изилдеп, чечим кабыл алалы», — деди Кожокулова.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

14-февралдагы комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап, артка кайтарылган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 78