• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте эл ташыган автоунаалар текшерилүүдө

8 Жалган куран 2020 16:55 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коронавирус жана сасык тумоого байланыштуу жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунааларды Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери каттамга чыгар алдында текшерүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык маанидеги автобекеттер менен автостанцияларда нөөмөттөгү адистер жүргүнчүлөр отурган залдарды, ашканаларды дезинфекциялап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Кошумчалай кетсек, 8-март күнү дүйнө боюнча эртең менен вируска кабылгандардын саны 106 034кө жетти. Алардын арасынан 3594ү көз жумуп, 59924 киши сакайып кетти.

Количество просмотров: 136