• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте эми мото кайгуулдар ишке кирди

29 Чын куран 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында мото кайгуулдар да кайгуулга чыгат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо учурунда жөө кайгуул жана авто кайгуул болуп бөлүнүп, бөлүнгөн аймактарда кайгуул кылса мындан ары шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мото кайгуул ишке кирген.

«Алар авто кайгуул кирбеген парктарга, шаардыктар эс алуучу жайларга чейин кирип коопсуздук үчүн болгон чараларды көрүшөт. Ошондой эле, ар кандай кырдаалга жараша кылмышка шектүү жарандар кабат үйлөрдүн ичине кире качкан учурларда аларды артынан кууп, кылмышты иизи сууй электе ачканга да жардамы тийет.
Мото кайгуулда жөө кайгуул жана авто кайгуул сыяктуу эле баардык мүмкүнчүлүктөр берилет. Демек жол эрежесин бузган унааны токтото алат жана тийиштүү протоколдорду түзө алат. Ошондой эле мото кайгуулда электрондук планшет, рация мигалка сыяктуу баардык атайын техникалык каражаттар орнотулган»,- деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, милицияныны кайгуул кызматынын туристтик ротасында атайын атчан взвод да бар. Ал массалык баш аламан учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоодо кызмат кылат жана авто унаа кирбеген парктарда, туристтер келген учурларда тоолу токойлордо алардын коопсуздугу үчүн кызмат кылат.

Количество просмотров: 217