• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чек ара жаңжалында өрттөнүп кеткен тоок ферма кайра ишке кирди 

11 Бирдин айы 2024 11:47 Бишкек Govori.TV

Баткенде чек ара жаңжалында өрттөнүп кеткен тоок ферма кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрында чек арада орун алган каргашалуу окуя учурунда ишкер Матиса Надыров каза болуп, анын тоок фермасы өрттөлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул үй-бүлөдөн кабар алып, министрлер кабинетинин чечими менен тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлган. Ал эми анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

Натыйжада Адилет Абдувалиев ферманы бир жыл ичинде куруп бүткөрүп, ишке киргизди.

Коопсуз жайга, тагырагы Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы өнөр жай зонасында жаңыдан курулган жумуртка багытындагы «Аксай Кенч» тоок фермасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барып, чарбанын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Чарба үчүн ​​Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Учурда 15 жаңы иш оруну тʏзʏлгɵн. Жабдуулар Түркия мамлекетинен алып келинген, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт. Учурда фермада 40 миң тоок бар. Күнүнө 35 миң даана жумуртка алынууда.

Даяр өндүрүлгөн продукция ​ ​​Баткен жана Ош облустарынын аймагынын рынокторунда сатылууда.

Количество просмотров: 146