• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте эркек кишини бычактап кетишти

21 Бештин айы 201921:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-декабрда күндүз Бишкек шаарында жайгашкан Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Анын денесинде бычактан алган жаракаты болгон.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милиция тарабынан маркумдун өздүгү такталып, ал 1962-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран болуп чыкты. Ошондой эле шектүүнүн дагы өздүгү аныкталды. Ал 1984-жылы туулган М.К.

Учурда шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо жана аны кармоо боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатат

Количество просмотров: 316