Бишкек шаарында жайгашкан Кызыл куруучу конушундагы көчөлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда АКИpress агенттигине милициядан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, денеде күч колдонууну белгилери болгон эмес. Дене табылган жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барышты. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.