Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте «Ханституцияга жок дейбиз» аталышындагы тынчтык жүрүшү өтүп жатат.
Темир жол бекетинен башталган жөө жүрүш Ала-Тоо аянтына чейин созулары айтылды.
Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.
Жаңы долбоор кыргыз коомчулугунда ага каршы чыккандардын жана аны жактагандардын тобун пайда кылды.