• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте ички иштер органдары саптык кароодон өтүштү

24 Баш оона 2018 10:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.08.2018. Govori.TV

2018-жылдын 24-август күнү шаардын эски аянттындагы Өкмөт Үйүнүн алдында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарына саптык- тескеме өтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосунда ИИОнун кызматкерлеринин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудагы, андан сырткары саптык даярдыгы, сырткы келбети текшерилди. 27-августтан баштап Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого, ошондой эле өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт. Иш-чараларды өткөрүүдө ал жайларга жакын жерлерде ички иштер органдарынын атайын кызматтары иш жүргүзөт.


Саптык кароо-тескемесин ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин, министрдин орун басарларынын, Бишкек ШИИББдин жетекчилеринин, ИИОнун ардагерлеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Өздүк курамдын алдында сөз сүйлөп жатып, ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын алдында өлкөнүн ичиндеги тартипти камсыздоо жоопкерчилиги жаткандыгын белгиледи.

Аянтта салтанаттуу жүрүш менен ИИМдин тез чара көрүү атайын отрядынын, атайын багыттагы полктун жоокерлери, Академиянын курсанттары, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы, аймактык башкармалыктар менен Бишкек шааардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын ички иштер бөлүмдөрүнүн, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, кинологиялык бөлүмдүн кызматкерлери, атчан милициялар өтүштү. Андан соң, аянтта транспорттук каражаттар-кызматтык унаалары менен өз бөлүмдөрүнүн артынан айдап көрсөтүштү. 

Саптык кароонун аягында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоого өз кызмат ордуларына жиберилди.

Количество просмотров: 36