• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте ири суммадагы акча талап кылган шектүүлөр кармалды

23 Бештин айы 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте ири суммадагы акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, декабрь айында азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга жолугууга барышкан. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган.

«Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, физикалык күч колдонуп, 380 000 сом талап кылган. Ал К.В. аттуу адамды атаган. Бир аз убакыт мурда С.А. андан карызга акча алганы белгилүү болгон. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу коркутуулар уланган», — деп айтылат маалыматта.

Андан көп узабай 100 000 сом алып жаткан учурда Түп районунун 1992-жылы туулган тургуну М.А, Казакстан Республикасынын 1991-жылы туулган жараны Ц.Р шектүү катары колго түштү.

Кармалгандардын бири — грек-рим күрөшү боюнча балбан Роман Царев. Шектүүлөр камакка алынып, тергөө уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 95