• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте көчөлөрдүн бирине Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылган

22 Тогуздун айы 2019 13:49 Бишкек Govori.TV

Бишкектик тургун «Репортер» порталына «Полицейский городок» жаңы конушундагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганын маалымдаган.

Бул туурасында «Кечээ биз Көк-Жар жана Аламүдүнгө жакын жайгашкан жаңы конуштагы көчөгө мындай ат берилгенин тактадык», — деп жооп беришти Бишкек мэриясынын басма сөз кызматында.

«Аламүдүн району шаардык муниципалитеттин компетенциясына кирбейт. «Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды каттоо жөнүндө» жобосуна ылайык, географиялык объектилерди ачууга, иликтөөгө жана өздөштүрүүгө түздөн түз катышкан, ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият өкүлдөрүнүн жана мамлекетке эмгек сиңирген башка инсандардын аттары өзгөчө учурларда шаар жана башка конуштардан башка аты жок географиялык объектилерге берилиши мүмкүн. Башкача айтканда, кээ бир учурларда тирүү адамдардын ысымдары менен көчөлөрдү атоого мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 948