• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкекте Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатабы?

4 Тогуздун айы 2023 15:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарында кримтөбөл Камчыбек Асанбекти (Көлбаев) кармоо операциясы жүрүп жатканын Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуунун үнү угулган.

«Учкун» басмаканасынын аймагында атайын техника, күч органдары иш алып барып жатканы айтылууда.

Азырынча УКМК расмий маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 296