• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады

20 Теке 202014:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

«Бактыга жараша стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Маселен, бир жума мурда күндүзгү стационарларга күнүнө 5 миңге жакын киши кайрылып жаткан болсо, кечээ, 19-июль күнү тамчылатма дары жана дарыгерден кеңеш алуу үчүн 3 миң 489 киши кайрылган, 16 адам ооруканага жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 19-июлга карата күндүзгү стационарларга 57 миң 725 кайрылуу болгон. Алардын ичинен 38 миң 333 киши тамчылатма дары, 14 миң 103 адам дарыгерден кеңеш алган, 279 киши ооруканага жаткырылган.

19-июлдан 20-июлга караган түнү үч түнкү стационарга 665 киши кайрылган, бир адам ооруканага алынган. Бүгүнкү күнгө карата түнкү стационарларда 3 миң 74 адамга жардам көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 1233