Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча өрт 6-кабаттагы батирден чыккан.
Алдын ала маалымат боюнча, Юг-2 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрттү өчүрүүгө саат 16:26да Свердов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 Авто шаты тартылган», — деп айтылат маалыматта.