• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте күрөш боюнча Азия биринчилиги өтөт

11 Тогуздун айы 2019 17:57 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча алгачкы ирет Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мелдеш 27-28-ноябрь күндөрү өтүп, ага 12 өлкөнүн балбандары катышат.

Кыргызстан чоңдор арасында кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилигин биринчи жолу өткөрүп жатат. Азия биринчилигинде жалпы жонунан 28 медаль ойнотулат. Балбандар 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 96 килограммдан жогорку салмактагы байге үчүн күч сынашат,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны уюштурууга Спорттун улуттук түрү боюнча дирекциянын бюджетинен 1 миллион 481 миң сом каражат бөлүнгөн.

Количество просмотров: 102