• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

1 Теке 202512:53 Бишкек Govori.TV

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Бишкек шаарында өтө турган күрөш боюнча U15 жана U20 Азия чемпионатына даярдыктарды текшерди.

Абдымомунов мелдеш өтө турган спорттук аренанын техникалык камсыздалышы жана уюштуруу иштеринин графиги боюнча жыйынтыктарды белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Ал арена, спортчулардын калыбына келүү жана машыгуу зоналары, чет элдик делегацияларды кабыл алуу боюнча логистикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурду.

Жооптуу адистердин маалыматына ылайык, негизги иштер акыркы баскычта турат жана спорттук объект белгиленген мөөнөттө толук даяр болот.

Эске салсак, күрөш боюнча Азия чемпионаты, Бишкек шаарындагы Bishkek Arenaда 5-13-июль күндөрү өтөт.

Количество просмотров: 96