• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бишкекте күзөтчүнүн кабинасын сүзө качкан мас айдоочу кармалды

7 Кулжа 20201:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте күзөтчүнүн кабинасын сүзө качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мас киши күзөтчү отурган жайды болжол менен саат 17:20ларда талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон.

https://www.instagram.com/p/CBGPnFsHcKv/?utm_source=ig_web_copy_link

«Айдоочу мас абалында болгон.  Токмок шаарындагы посттон кызматкерлер тоскондо токтобой кеткен. Натыйжада жол тандабастын 30 жаштагы айдоочусу кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Бишкекте жол тандабастын айдоочусу күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, аларга  кол салган окуянын видеосу социалдык түйүндөрдө жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 638