Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү.
ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, тилсиз жоодон 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланган.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:04тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 автошаты жана Штаб тартылып, саат 14:05те өчүрүлгөн.