28-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалыат кызматы кабарлады.
Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим- кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:59да Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 02:10до Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 02:15те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.
Такталган маалыматка ылайык өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.