• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кайгуул кызматынын унаасы оодаралып калган

18 Аяк оона 202310:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дем алышта жол кырсыгынын кесепетинен кайгуул кызматынын унаасы оодаралып кеткен.Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Hyundai унаасынын айдоочусу жол эрежесин сактабагандыктан келип чыккан. Аталган унаанын айдоочусу 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде чукул бурулуш жасап, жолго чыга калган. Натыйжада кайгуул унаасы кагылышуудан качууга үлгүрбөй, оодаралып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматы кырсык болгон учурдун видеосун жарыялады, анда Hyundai унаасынын айдоочусу өз тилкесинде келе жаткан кайгуул унаасын өткөрбөй, Мавлянов көчөсүнө бурулуп кетүүгө аракет кылгандыгы көрүнөт.

Количество просмотров: 209