• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте кайгуулчулар мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаганы боюнча териштирүү башталды (видео)

18 Жалган куран 2022 11:37 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаганы тартылган видео интернетте тараган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кайгуулчулар Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган мотоциклдин айдоочусун токтотушканда айдоочу баш ийбей качкан. Кийин ал 12-кичирайонунан кармалып, наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өткөндө мас абалында экендиги аныкталган.

Айдоочуга карата жол эрежелерин бузгандыгы үчүн беш протокол түзүлгөн.

Ал эми кармоо учурунда кызматкердин ок атуучу куралды алып чыккандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 339