Бишкек.21.08.2019.Govori.TV.
Бишкектин батыш тарабындагы тиричилик техникасы сакталган кампада чыккан өрттөн эки адам жабыркады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алар Травматология жана ортопедия борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Экөө тең иске ууланган. Биринин абалы орточо оор, экинчисиники оор.
Эске салсак, өрт Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан чыккан. Учурда ал жерде куткаруучулар, милиция жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.