Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрда болжол менен саат 20:23 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен «тоноп кетишти» деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2002-жылы туулган У.А. аттуу баланы белгисиз жарандар кастет жана бычак менен коркутуп, Redmi Note 9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун алып, качып кетишкен.
«Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Э., 2001-жылы туулган М.К., жана 2004-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар кармалып, Биринчи Май РИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан бычак, уюлдук телефон, кастет, саат жана акчалар табылган»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды дешти мекемеден.