• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте катуу сабалган аял каза болду

7 Аяк оона 2021 13:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында сабалган 40 жаштагы аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү милицияга О.С. аттуу 40 жаштагы аялдын башы жарылып, түрдүү жаракаттары менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жабыркаган аял эсине келбей, ооруканада көз жумган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү («Денеге байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Милиционерлер маркумдун төртүнчү кичи райондогу батиринде чогуу жашаган кишиси менен чырдашкандыгын аныктады. Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган 50 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө уланууда.

Количество просмотров: 693