• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте катуу шамалдан улам учкан жол белгилери калыбына келтирилүүдө

1 Чын куран 2024 18:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катуу шамалдан улам бузулган жол белгилерин калыбына келтирүүнү улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шамалдын кесепетинен 15 даана жол белгиси жолдун унаа өтө турган тилкесине учуп кеткен.

Мындан тышкары, бак-дарактар кулаганда 10дон ашык жол белгилери кыйшайып калган.

Адистер жол белгилерин төмөнкү даректерде калыбына келтиришти.
— Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде – 1 даана;
— Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде – 2 даана;
— Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде – 1 даана;
— Жукеев Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде — 1 даана;
— Сүйөркулов көчөсүндө Ортосай базарынын жанына — 1 даана;
— Д.Садырбаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде — 2 даана;
— Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде – 2 даана.

Теги:
Количество просмотров: 76