• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте катуу сууктан бутунун манжаларын үшүк алдырган адам ооруканага жаткырылды

11 Үчтүн айы 202317:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте катуу сууктан бутунун манжаларын үшүк алдырган адам ооруканага жаткырылды.

Бишкектин тез жардам кызматы бир сутканын ичинде эки манжасы үшүк алган 43 жаштагы кишини Улуттук хирургия борборуна жаткырганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдары штаттык режимде иштеп жатканын, электр энергиясы аварияга туш болуп, свет өчө турган болсо, жандандыруу бөлүмдөрү генераторлорду колдоноору, вакцина кампалары да генератор менен камсыздалганын билдиришти .

Количество просмотров: 2027