• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эки-Нарында көпүрө кулап, бир адам каза болгону кабарланды

13 Баш оона 202517:14 Бишкек Govori.TV

Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, бир адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Нарын дарыясына курулган жыгач көпүрө жүк ташуучу автоунаа өтүп баратканда кулаган. Бул тууралуу Азаттык жазды.

Анын кесепетинен айдоочу каза болгону айтылууда. Учурда айылды Нарын шаары менен байланыштырган жалгыз көпүрө жараксыз абалга келди.

Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы тууралуу бийлик органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок убагында чара көрүлбөгөнүн айтышууда.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы Нарын-Оруктам жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсү аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн билдирүүдө.

Количество просмотров: 179