• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Бишкекте келинди уурдоого шектелип 22 жаштагы жаран кармалды

6 Жалган куран 202311:56 Бишкек Govori.TV

Бишкекте келинди уурдоого шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-мартта А.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, Калыс-Ордо конушунда А.Н. аттуу аялын белгисиз бирөө унаасына отургузуп алып кеткенин айткан. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (“Киши уурдоо”) менен катталган.

Шектүү катары 22 жаштагы С.М. аттуу адам кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө иши уланууда.

Количество просмотров: 138