Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.
Бишкекте орун алган башаламандыктан бир катар муниципалдык жасалгалар жана башка буюмдар талкаланды. Бишкек мэриясы аларды калыбына келтирип жатканын кабарлады.
«Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды салуучу контейнерлер өрттөлүп, Ахунбаев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Коопсуз шаардын» камералары талкаланып, жалпысынан шаар ичиндеги 84 темир тосмолор сынган. Андан тышкары, күч түзүмдөрү үчүн жиберилген 29 эски автобустун айнектери талкаланган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда келтирилген чыгымдардын жалпы суммасы эсептелинип жатканы айтылды.