Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.
Бишкекте киши сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 4:30 чамасында белгисиз унаадагы киши Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна азият улутундагы кишини жеткирип, өзү качып кеткен.
Натыйжада, алган жаракаттарынан улам доктурга жеткирилген киши каза тапкан. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ВАЗ 21074 унаасын таап, 31 жаштагы айдоочуну кармашкан.
Учурда унаа айып жайга токтотулуп,тергөө кызматы иш алып барып жатканы айтылган.