Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.
Борбордук Ала-Тоо аянтында, концерт учурунда жалпысынан 8 жашы жете элек өспүрүм жоголуп, ата-энесине кайрадан тапшырылып берилди.
Жаш өспүрүмдөр боюнча инспектор Мирислам Жантаев жоголгон балдардын өздүгүн аныктап, табылгандарды ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, колдоруна тапшырып жатканына күбө болдук.
Жоголгон балдардын арасынан айрымдары коркконунан ыйлап жатышса, кээ бирлери аты жөнүн так айтып, милиция кызматкерлеринин фурашкасын кийип сооронуп отурганын көрүүгө болот.
Балдардын ата-энелери көпчүлүктө жоготкон балдарын 1 саат аралыгында таап берген үчүн, тийиштүү органдарга ыраазычылыгын айтып, балдарын кантип жоготконун түшүндүрүштү.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкүдөй балдарын жоготкон кырдаал жыл сайын майрамдык иш-чараларда ондоп катталат.