Бишкек шаарында кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог дарыгер Жумабай Бекмуратов каза болду. Бул тууралуу Kloop.kg сайты жазды.
Жакындарынын айтымында, ал коронавирус жуктуруп алган.
«1 жума мурун «досум концентратор алып коюш керек болуп атат» деп жазган элең. Бейтаптарга керек окшойт деп, концентратор саткан адамдын номерин бериптирмин. Ошондо ден соолугуңду эмне сурабадым мен?! Кеттик Түркияга десем, “баарыңар кетсеңер Кыргызстанда ким калат” деп калдың эле. Арабыздан эң жакшысы эле! Бүгүн кыргыз дагы бир азамат уулунан ажырады!» — деп жазды фейсбукта анын досу Нурсеит Мамыров.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги медиктин өлүмү тууралуу расмий маалымат тарата элек.