Бүгүн, 26-ноябрда болжол менен эртең мененки саат 8дер чамасында Бишкектеги банктын филиалына куралчандар кирип келип, милицианерди сабап, акча менен качып кетишкен. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.
Маалыматка ылайык, окуя кайсы банкта болгону айтылган эмес. Болжол менен Юнусалиев көчөсү менен Сухэ Батордун кесилишиндеги банкка белгисиз жарандар курал менен кирип барышкан. Алар милиция кызматкерин сабап, кассадагы акчаны алып, белгисиз тарапка из жашырышкан.
Учурда Бишкекте аларды колго түшүрүү планы жүрүүдө.