Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан чыккан өрт саат
16:13тө толук өчүрүлдү.
Маалыматка ылайык өрт аталган имараттын жер төлөсүнөн чыгып, андагы пеноплекс курулуш материалы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:39да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 15:41де кошумча 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 16:00дө чектөөгө алынган.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.