• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте курулуш талаптарын бузган компания айыпка жыгылды

23 Бирдин айы 202617:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелерин бузган факты аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, текшерүүдө Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар кемчиликтер табылган. Тактап айтканда, 9 кабаттуу турак жай имаратына кошо курулуп жаткан объектиде жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайдын курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери жана эмгекти коргоо талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Аурум Билдинг» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Количество просмотров: 120