Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.
Бишкекте кыргыз-россиялык жаштар форуму өтүүдө. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.
Иш-чаранын алкагында жаштардын ишкерчилиги, ыктыярчылык, туризм, аймактарды жана айыл чарбаны өнүктүрүүдө айыл жаштарынын орду тууралуу талкуу жүрүп, келерки жылга карата жаштар уюмдарынын иш планы иштелип чыгат.
Бул иш-чаранын максаты эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыкка өбөлгө боло турган демилгелерди ишке ашыруу жана эки тараптуу алаканы бекемдөө болууда.
Андан тышкары, иш-чаранын программасында Ысык-Көлдөгү Кырчын капчыгайына жана «Рух Ордо» маданий борборуна баруу каралган.