Бишкек шаарында кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирүүгө аракет кылды. Маалыматты Биринчи Май РИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 30-январда Логвиненко көчөсүндөгү жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
Жерине милиция кызматкерлери барып фактыны тастыктап, А.А. жана К.Д. аттуу жарандарды аныкташкан. Алар милицияга жеткирилди.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.