• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте кыз ала качкан жигит камакка алынды

21 Чын куран 202214:28 Бишкек Govori.TV

Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 17-апрелде милицияга Коммунарлар көчөсүндөгү тигүү цехинин жанынан бир кыз уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.

Териштирүүдө 22 жаштагы Т.З аттуу кызды чала тааныш адамы Хонда S-MX унаасы менен белгисиз тарапка ала качып кеткени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси «никеге туруу максатында адамды ала качуу» менен иш козголуп, кызды уурдоого шектүү катары 26 жаштагы М.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 171