• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Бишкекте лазер жарыгы бар жаңы жол чырак орнотулду

9 Үчтүн айы 202611:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгын кошо берип турган жаңы жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдаган.

Маалымдалгандай, мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет

Количество просмотров: 112