• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкекте «Лексус» оодарылып калды. Жабыркагандар бар

10 Бугу 2022 21:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Лексус» оодарылып, айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 18:40 чамасында «Лексус» үлгүсүндөгү унаа Ч. Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жаткан. Айдоочу рулду башкара албай унаа жол жээгине оодарылып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча унаанын айдоочусу жабыркаган.

Милициянын кайгуул кызматы жеринде иш алып барып, унаа айып короого токтотулду.

Количество просмотров: 1858