• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте лифтке кыпчылып калган эркек киши каза тапты

11 Үчтүн айы 202213:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Улан-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн лифтине эркек киши кыпчылып калып, каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы А. К. аттуу жаран коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда, лифт белгисиз себептерден улам өз алдынча иштеп кеткен.

Ымыркай жабыркаган жок.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 332