• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте маршрутка оодарылып, жүргүнчүлөр жабыркады

27 Жетинин айы 202217:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кырсыгынан маршрутка оодарылып кетип, жүргүнчүлөр жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 14:00дө Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жеңил автоунаанын айдоочусу № 129 маршрутканы сүзүп алган.

«Кырсыктан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда эки унаа тең айып короо жайына киргизилип, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Количество просмотров: 398