• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте маршруткалар автобустарга алмаштырылат (тизме)

2 Чын куран 2024 14:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кичи автобустарды каттамдан чыгаруу жолу менен борбор калаанын борбордук бөлүгүн бошотуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүн кичи маршруттук каттамдардан бошотуунун биринчи этабы үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен тарта пландаштырылууда. Ахунбаев көчөсү жана 7 — апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси — Манас проспектиси менен чектелген алкактан кичи автобустар чыгарылып, анын ордуна автобустар каттамга чыгат.

Ага ылайык, төмөнкү кичи маршруттук каттамдар чыгарылат: № 111, 118, 130, 134, 135, 136. Унаалардын жалпы саны 135.

Экинчи этап 10-майдан башталат. Анын алкагында 159 даана кичи маршруттук каттам шаар сыртына чыгарылат. Алар төмөнкү каттамдар: №138, 163, 192, 202, 207, 220.

Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен төмөнкү кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295-каттамдар.

Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Кичи автобустардын айдоочулары муниципалдык автобустун айдоочусу болуп ишке орношсо болот. Бирок окуудан өтүү керек. Анын мөөнөтү иш стажына жараша аныкталат. Бүгүнкү күндө автобус айдоочусунун айлык акысы 98 миң сомго чейин жетет.

Количество просмотров: 2595