Бишкекте маршруттук кичи автобустун айдоочусун сабады деп шектелген адам аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 10-октябрда күндүз жол кыймылы учурунда «Тойота» айдап бараткан адам машинесинен чыгып барып, кичи автобустун айдоочусун сабап, качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Токмоктолгон айдоочу ошол эле күнү милицияга арыз жазып, “Тойотанын” айдоочусу андан жол талашканын айтып берген.
Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Уруп сабоо” жана “Ээнбаштык” беренелеринин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.