Бишкектеги Киев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде мас абалында Subaru Forester айдоочусу сүзүп кеткен кыз жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Бултууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-апрелде болжол менен саат 08:45 чамасында оң рульдуу Subaru Forester унаасы Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен «Опель-Астра» унаасын сүзүп эбегейсиз материалдык чыгым келтирген.
Айдоочу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бара жатып, Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп, андан ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.
«Жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилип, каза болду. Айдоочуну текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы В.Т. аттуу тургуну экени жана алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.
Унаа айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.