Бишкек шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына байланыштуу мектептердин баары 9-10-декабрь күндөрү ондайн окутууга өткөнүн кабарлады. Ага ылайык, мектеп директорлору ата-энелердин баарына бул тууралуу кабар берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечим бул күндөрү шаарда жолдор маал-маалы менен жабылып, коомдук транспорттордун каттамдары чектелгенинен улам кабыл алынды.
Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны башталат. Ага Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары катышат жана учурдагы экономикалык абалды, евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкууланат. Отурумда биримдиктин ишин жөнгө салуу багытында бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.