• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте мигранттардын маселелерин талкуулаган тегерек стол өттү

24 Бугу 2023 12:50 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Аялдар жана миграция: себептери, чакырыктары, кесепеттери» жана «Миграция жана кылмыштуулук: себептердин жана шарттардын өз ара байланышы» деген маселелер боюнча тегерек стол өтүүдө. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тегерек столдун катышуучулары эл аралык уюмдардын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын максималдуу катышуусун талап кылган маселелерди көтөрүп, кылмыштуулук жана миграциялык кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү боюнча сунуштарды жана ырааттуу аракеттерди иштеп чыгуу боюнча пикир алмашууда.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө тегерек столдо көтөрүлгөн маселелер чындыгында бүтүндөй кыргыз коомчулугун тынчсыздандырып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу өлкө жетекчилиги миграция маселелерине, мигранттар кабылып жаткан көйгөйлөргө, ошондой эле чет жердеги жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев КР ТИМ мамлекеттик органдар менен биргеликте чет өлкөдө кылмыштуулукту алдын алуу жана коопсуз аялдар миграциясы боюнча профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

Министрдин орун басары Кыргызстандын жарандары эң көп болгон мамлекеттердеги аялдардын миграциясынын абалына кыскача баа берип, чет мамлекеттерге аялдардын миграциялоосунун абалын жакшыртуу боюнча КР министрлер кабинети тарабынан көрүлгөн чараларды белгиледи.

Тегерек стол гибриддик форматта (офф/онлайн) кеңири чөйрөдөгү кызыкдар тараптардын, анын ичинде Миграция маселеси боюнча эл аралык уюмдун, ПРООН, ЮСАИД, ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, ЖК депутаттарынын, КР президентинин администрациясынын өкүлдөрүнүн, Крнын мамлекеттик органдарынын, чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын жетекчилеринин жана башкалардын катышуусунда өтүүдө.

Тегерек стол Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен уюштурулган, анын максаты – «мигранттар арасындагы кылмыштуулук» жана «аялдардын миграциясы» маселелерин коомдук талкууга алып чыгуу, анын келип чыгуу себептерин талдоо, эмгек мигранттарынын арасында кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле аялдардын миграциясынын кесепеттерин алдын алуу, КРнын мамлекеттик органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.

Количество просмотров: 65