• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте милиционер 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

4 Жалган куран 2022 15:56 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан Н.О. аттуу жарандын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин (“Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо”) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери А.Э. жана К.Н. аттуу жаран жашы жете элек кызды жыныстык катнашта болууга мажбурлашкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү К.Н. кармалып, камакка алынды. Ошондой эле, 3-март күнү шектүү Свердлов райондук ИИБ кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп маалымдалат билдирүүдө..

Количество просмотров: 304