• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте милиционер зордуктоого шектелип кармалды

10 Бирдин айы 202517:27 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкери зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февралда милиция кызматкерлерине 2001-жылы туурган кыз кайрылган.

«Арыз ээсинин айтымында, ал Сары-Өзөн көчөсүндөгү мейманканада зордукталган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, шектүү катары Октябрь РИИБдин кызматкери К.У. кармалды», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, ал убактылуу камакка алынып, тергөө уланууда.

Количество просмотров: 399